Академик Сабырбек Жумабеков Россияда эң жогорку сыйлыкка татыды

Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын травматолог-ортопеддеринин эң жогорку сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сыйлык травматологдордун XI бүткүл россиялык Приоров форумунда тапшырылган.

"Академик Сабырбек Жумабеков Россиянын Травматолог-ортопеддер ассоциациясынын эң жогорку сыйлыгы — Николай Приоровдун алтын медалы менен сыйланды. Ал иш-чарага тажрыйба алмашуу үчүн чакырылып, Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп атайын эндопротез орноткону тууралуу доклад жасаган", — деп жазылган маалыматта.

Аталган сыйлыкты тапшыруу чечими 26-ноябрда кабыл алынганы кошумчаланды.

11:29, 23-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар