Садыр Жапаров Кытайдын Мамкеңешинин премьери Ли Цянды кабыл алды
Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Садыр Жапаровго кытай делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул расмий сапар эки тараптуу кызматташтыкты жана коңшулук мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө мүмкүндүк берет деген ишенимин билдирди.
Ли Цян Садыр Жапаровдун Кытайга болгон акыркы сапарынын алкагында эки өлкө лидерлеринин жолугушуусуна, анын натыйжасында эки тараптуу кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүнө токтолду. Бул олуттуу мааниге ээ жана мындан аркы кыргыз-кытай мамилелери үчүн так багыт болуп саналат. Кыргызстан Кытайдын маанилүү жана ишенимдүү коңшусу болуп саналат.
Мамлекеттик Кеңештин Премьери Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында өлкөдө алгылыктуу өзгөрүүлөрдү байкаганын, атап айтканда, Президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан реформаларынын аркасында Кыргызстанда туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүгө жетишүүгө, ошондой эле коопсуздукту чыңдоого багытталган бир катар чаралар иштелип чыкканын баса белгиледи.
Ли Цян эки лидердин жетекчилиги астында натыйжалуу кыргыз-кытай стратегиялык көп пландуу кызматташтык түзүлөт деген ишенимин билдирип, Кытай Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.