Балыкчы ШИИБинин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев камакка алынды

Балыкчы ШИИБинин мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев жана анын бир тууганы (мурдагы жолдошу милиция кызматкери) Бекзат Казаков камалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди. 

Эскерте кетсек, Балыкчыда мектеп окуучусун унаа коюп, айдоочу качып кеткен. Рулда шаардык милициянын башчысы Бектур Осмонов анан да мас абалда болгону айтылган. Бирок кийин экспертизага анын бир тууганы келгени маалым болгон. Бул ишти УКМК да өз көзөмөлүнө алып, бир туугандар кармалган. ИИМ экөө тен кызматтан четтетилгенин билдирген. Кырсыкка кабылган кыз жандандыруу бөлүмүндө жатат.

09:45, 29-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар