Ош базарында соодагерлер сабалганы айтылды. Милиция үн катты
Бишкекте Ош базардагы рейд учурунда соодагерлер сабалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Эскертек кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы мэриянын кызматкерлери милициянын атайын багыттагы кызматкерлеринин коштоосунда Ош базарда көчөдө соода кылгандарга каршы рейд уюштуруп, анын жүрүшүндө соодагерлер ур-токмокко кабылганын билдирген.
Шаардык милиция депутаттын билдирүүсүн төгүндөөдө. Милициядан билдиришкендей, рейд учурунда жарандардын коопсуздугун кароого кайгуул-күзөт кызматы тартылган. "102" кызматына мэрия жана кайгуул кызматкерлери тарабынан ук-токмокко кабылганын айтып кайрылган жарандар болгон эмес.
Аны менен бирге шаардык милициянын маалымат кызматы белгилегендей, милициянын жетекчилиги, күн сайын, "Ош базары" милиция бөлүмүндө иштеген кызматкерлерге, базардын аймагында иш алып барган кайгуул-күзөт кызматкерлерге жарандарга жана соодагерлерге сылык мамиле кылуу жана жарандар тарабынан коомдук тартип бузууга жол берөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзөт