Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан баштап куруучулар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет
Министрлер кабинетинин токтому менен көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин курууга катышуу жөнүндө жобо бекитилди.
Мамкурулуштан билдиришкендей, жаңы жобо көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин курууга катышуучуларга кепилдиктерди берүү, тапшырыкчылардын жана куруучулардын куруу ниетин ийгиликтүү жана абийирдүү ишке ашыруу үчүн шарт түзүү максатында кабыл алынган. Бул жобо 2024-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Жобонун талаптарына ылайык:
Мамкурулуш курулуп жаткан объектилердин реестри боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жаңылап турууну жана маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгүүн камсыздайт.