Садыр Жапаров:" Селден жабыркагандарга мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт"

"Селден жабыркагандарга мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт". Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров  "Кабар" агенттигине берген кезектеги маегинде айтты. 

“Селден жабыркагандарга келе турган болсок, албетте, мамлекет тараптан жардам көрсөтүлөт. Барып комиссия түзүп, жеринен көрүп текшерип чыккыла, жабыркагандарга мамлекет тараптан кандай жардамдарды беришибиз керек экен, сунуш киргизгиле” деп Акылбек Үсөнбековичти жибергем.

Эми эл-журт дагы турак жайларын камсыздандырып, каттап койгонду үйрөнүш керек. Камсыздандырылган үй болсо селденби, жер титирөөдөнбү, өрттөн же табияттын башка кырсыгынан жабыркап калса, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тез арада толук ордуна тургузуп берет эле.

Ошондуктан, учурдан пайдаланып бардык жарандардан мамлекеттик камсыздардыруу компаниясына мүлктөрүңөрдү каттаткыла дейт элем. Көп деле акча болбойт. Кокус кырсык болсо камсыздандыруу компаниясы мүлкүңөрдүн ордун толук толтуруп берет. Ал – мамлекеттик компания. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот",-деди Жапаров.

10:19, 17-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар