Суукка байланыштуу Бишкектеги мектептерде окуу кыскартылган графикте жүргүзүлөт

Суук аба ырайына байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясына караштуу мектептерде окуу кыскартылган графикте жүргүзүлөт.

Бул тууралуу мэриянын 16-февралдагы жыйынында маалым болду.

Билим берүү департаментине мектептерде окуунун кыскартылган графигине өтүү, бала бакчаларда ата-энелердин каалоосу боюнча балдарды калтыруу тапшырмасы берилди. Ошондой эле жеке менчик мектептерге да ушундай чараларды көрүүнү сунуштоо пландалууда.

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлгө алуу тапшырмасы коюлду.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министрлигие караштуу Гидрометеорология кызматы 17-февралдан тарта аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөрүн эскерткен.

10:26, 16-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар