Садыр Жапаров Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышууда

Бийлик Кыргызстанды "бизнес-оазиске" айлантууну көздөөдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Ал бүгүн, 13-февралда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмирликтери) өкмөттөр Х дүйнөлүк саммитте сүйлөдү.

"Биз Кыргызстанды жагымдуу инвестициялык климаты, либералдуу тышкы соода саясаты, ачык жана ишенимдүү бизнес чөйрөсү бар региондук "бизнес-оазиске" айлантууну каалайбыз", — деди Жапаров.

Өлкө башчы Кыргызстан инвесторлор менен өнөктөштөр үчүн ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

"Биздин жаңы экономикалык саясатыбыз биринчи кезекте үч негизги багытка: энергетикага, тоо-кендерине жана транспорттук-транзиттик тармакка таянат. Өлкөбүздүн башкы жаратылыш байлыгы болгон энергетикалык ресурстардан туура пайда көрүүнү көздөйбүз", — деди ал.

Президент Кыргызстанда улуттук экономика ишенимдүү өнүгүп жатканына токтолуп, соңку кезде жыл сайын дээрлик 7 пайызга өсүп жатканын белгиледи.

14:58, 13-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар