Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду

Умбеталы Кыдыралиев Улуттук олимпиада комитетинин президенти болду. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Улуттук олимпиада комитетинин кезектеги отчеттук-шайлоо конференциясы өткөн.

Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев жалгыз талапкер болуп, ал олимпиадалык циклге комитеттин башчысы болуп шайланган.

Буга чейин Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп иштеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттик кызматка дайындалды.

10:50, 24-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар