Лыжа тээп жүргөн чет элдикти кар көчкү басып калган. Анын сөөгүн алып чыгышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жыргалаң айылында тоодо чет элдик жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 53 жаштагы чет өлкөлүк киши 5-февралда тоого лыжа тепкени кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.

"Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу дрон менен чыгып, бүгүн саат 12:45те анын сөөгүн кар көчкүнүн алдынан табышкан", — деп айтылат маалыматта.

Көз жумган киши Франциянын жараны экени белгилүү болду.

15:09, 08-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар