Президент Садыр Жапаров “чет элдик өкүл” мыйзамына кол койду

Садыр Жапаров  Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөмыйзамга кол койду. Президент Жапаров 2-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына пост жазып, мыйзамга кол койгонунун себебин түшүндүрдү.

Ал жергиликтүү бейөкмөт уюмдар бул мыйзам боюнча чет өлкөлүк өнөктөштөргө туура эмес маалымат бергендиктен алар документке кол койбоону суранышканын, мыйзам өкмөттүк эмес уюмдардын ачык-айкын иштөөсү үчүн керек экенин жазды.

Аларды биздин өкмөттүк эмес уюмдар алдап жатышат. “Бизге куугунтук болот. Бизди чет өлкөнүн агенти деп камашатдеген сыяктуу жалган маалыматтарды жеткирип жатышат. Алар ишенип алышкан. Ошол үчүн бул мыйзамга кол коюудан баш тартышымды суранып жатышат. 30 жылдан бери бирөөсүн дагы чет өлкөлүк донорлор менен иштештиңер, баланча суммадагы акча алдыңар деп куугунтуктабаган эми куугунтуктамак белек”, - деп жазды президент.

Садыр Жапаров президент катарыэч кандай куугунтук болбойтдеп кепилдик берерин белгиледи жана буга чейин бейөкмөт уюмдарды отчет бербей келгенин да айткан.

12:38, 02-04-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар