Бир жума ичинде кармалган мас айдоочулар

Кыргызстандын аймагында бир жума ичинде 21 680  жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-январдан 4-февралга чейин, алдын ала маалымат боюнча 21 680 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

— Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-291 ;

— Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -367;

— Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-57;

— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1726 ;

— Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3336;

— Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 3181;

— Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;

— Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 716 ;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2151 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ИИМдин ЖКККББгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

09:54, 06-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар