“Мен сизге канча жолу эскерттим”. Казакстанда жыйын учурунда аткаминерди кармап кетишти (Видео)
Казакстанда акимчиликте (мэрияда) жыйын өтүп жаткан учурда аткаминерди кармап кетишти.
Шымкенттин башчысы жыйын өткөрүп анда паракорчулук тууралуу да айткан. Бул тууралуу sputnikKZ жазып чыкты. Жыйын жүрүп жатканда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери келип,акимдин кол алдындагы кызматкерине суроолору бар экенин айтышкан. Аким азыр эле алып кетсе болот деп уруксат берген.
“Мен сизге канча жолу эскерттим. Кесиптештер, туура эмес түшүнбөңүздөр, башка аргам жок. Мен беш айдан бери суранып жатам”,- деген калаа башчысы.