Бишкек ЖЭБдин иши боюнча саат 9:00гө карата ыкчам маалымат

Бишкек ТЭЦтин иши боюнча саат 9:00гө карата ыкчам маалыматты атайын түзүлгөн медиа штаб жарыялады.

Учурда жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт. Алты от казан агрегаты жана үч турбоагрегат иштеп жатат.

Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.

Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат.

Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.ТЭЦти калыбына келтирүү иштери уланууда.

10:45, 03-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар