Президент Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алды

Садыр Жапаров Бишкек мэриясына жол долбоорлорун ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштанды иргөө системасын жакшыртууга 100 млн сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Калаа башчысы Айбек Жунушалиев Жапаровго шаардын инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча маалымат берген. Анда быйыл Бишкектин жалпы узундугу 42 км болгон 8 негизги жолу оңдолору айтылды. Анын ичинде “Манас” аэропортуна кеткен жол реконструкцияланып, 4 жаңы жол — Жибек Жолу проспектисине дублер көчө, Аламүдүн дарыясынан өтүүчү 3 көпүрө салынат.

Ошондой эле быйыл борбор калаага 250 заманбап автобус сатып алуу пландалууда.

Жапаров Бишкекте болуп жаткан оң тенденцияларды белгилеп, мэриянын эки жылдык планын бекитти.

16:20, 25-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар