20-декабрда Бишкекте Элдик курултай өтөт
III элдик курултай 20-декабрда Бишкекте өткөрүлөт. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров 20-сентябрда кол койду.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинде жарыяланган жарлыкта курултайга 700 делегат катышары белгиленген.
Иш-чараны даярдоо жана уюштуруу Министрлер Кабинетине жана президенттин администрациясына жүктөлдү.