Салык декларациясын тапшыруу өнөктүгү башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү ганын кабарлады.

Бул жолку өнөктүк эки баскычта өтүп, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 1-майга чейин жеке жактар, ишкерлер декларация тапшырат.

1-апрелге чейинки өнөктүктө Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөнүн уюмдары да декларация тапшырууга милдеттүү болуп саналат.

Салык алына турган мүлкү бар (короо-жайынан тышкары) жеке жактар, өз алдынча иш алып барган дыйкан-фермерлер, жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммага мүлк сатып алгандар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын, ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап турууга укугу же кайрылман макамы барлар, эл аралык уюмдарда иштеген жарандар 1-майга чейин декларация толтурушу керек.

Алар өз отчётторунда киреше-чыгашалары, экономикалык иштери, мүлкү, жер тилкелери, жыл ичинде төлөгөн салыктарынын суммасын так көрсөтүшү зарыл.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

12:17, 18-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар