Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда акысыз бөйрөк алмаштыруунун шарттарын айтты
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда акысыз бөйрөк алмаштыруу боюнча "Кабар" агенттигине маек берип, бийликтин бул жааттагы пландары менен бөлүштү.
Президент Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып, өлкөдө учурда 2 500дөн ашык адам гемодиализ аларын, анын ичинен азыркы тапта 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык көрүп жатканын белгилеген.
"Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Эки медициналык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымын (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет. Азыр алардын ар бирине гемодиализ үчүн мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Жалпы суммасын эсептесек 2 500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгым дароо токтойт", — деген Жапаров.