Чолпон-Атада өтчү " Биримдик Кубогуна" Казахстандык көкпар курамасы катышпайт
Чолпон-Атада өтчү «Биримдик кубогуна» Казакстандын көкпар курамасы катышпайт.
Бул тууралуу Казакстандын көкпар федерациясы жергиликтүү Informburo.kz басылмасына билдирди
«Федерация Ысык-Көлдө өтө турган биримдик кубогуна катыша албайт, анткени ал күнгө башка маанилүү мелдештер пландалган. Учурда көкпарчылар ошол оюндарга даярданып жатышат»,
— деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Казакстандын курамасына 1-ноябрда өтө турган «Биримдик Кубогуна» расмий чакыруу жөнөткөн.