Аксыда эки өспүрүмдүн мушташы биринин өлүмү менен аяктады

Жалал-Абад облустук милициясынын маалыматына караганда, 5-декабрда Аксы районунда эки өспүрүм мушташкан. Алардын бири бычакты алып чыгып, экинчисинин көкүрөгүнө сайып салган. Жаракат алган бала каза болгон.

Каза болгон өспүрүм 17 жашта болчу. Бул фактынын негизинде “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Аксы районунун Авлетим айылынын 16 жаштагы тургуну кармалды.

12:23, 08-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар