Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси уюштурулат

Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Жарманке 25-31-декабрь күндөрү Жаңы жылга карата уюштурулат. Анда өлкөдө өндүрүлүп, өстүрүлгөн продукциялар дүң баада сатылат.

Жаңы жылдык жарманке күн сайын саат 09:00дөн кечки саат 18:00гө чейин иштейт.

Дареги: Түгөлбай Ата, Эркиндик жана К. Тыныстанов (Темир жол бекети) көчөлөрүнүн кесилиштери

15:37, 16-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар