Кыргызстан рактан өлгөн адамдын саны боюнча Борбор Азияда 1-орунда
Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен рактан каза болгон адамдардын саны боюнча биринчи орунда турат. Ооруну баштапкы этабында аныктоо үчүн эл рактын белгилери тууралуу алдын ала маалымдар болуп, дайыма профлактикалык текшерүүдөн жана скринингден өтүп турушу зарыл.
Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жыл сайын 5 500гө чукул адамдан онкологиялык оорулар катталарын билдирди.
Министрлик жылына жатын моюнчасынын рагына кабылган 600 аял аныкталарын, анын ичинен 300ү көз жумарын белгиледи. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун КРдеги өкүлү Ливиу Ведраско Кыргызстан жатын моюнчасынын рагы боюнча ДССУнун Глобалдык стратегиясына кошулганы кошумчаланды.