Мунарбек Сайпидинов 30-сентябрга чейин камакка алынды 

 

Мунарбек Сайпидинов 30-сентябрга чейин камакка алынды 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мунарбек Сайпидиновду 30-сентябрга чейин абакта калтырды. 

Ал №1 тергөө абагында кармалат.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экени айтылган Сайпидинов 

Кара-Сууда мамлекеттик мүлктү саткан деп айыпталууда.  Ал Орусияда кармалып, 7-августта Кыргызстанга жеткирилген. 

Өзү 6-августта видео кайрылуу жарыялап, Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын, мунун артында Райымбек Матраимов турарын айткан.

11:47, 11-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар