9 айда 20 млрд сомдун тегерегинде каражат мамлекетке кайтарылды

Башкы прокурор Максат Асаналиев журналисттерге үстүбүздөгү жылдын 9 айында мекеме тарабынан аткарылган иштер тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 9 ай аралыгында 20 млрд сомдун тегерегинде каражат мамлекетке кайтарылды.

Ар кандай тармактарда прокуратура органдары тарабынан 700дөй текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузууларды четтетүү жана мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтарып берүү боюнча 1 миңге жакын прокурордук чара көрүү актылары киргизилген, — деди ал.

12:30, 22-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар