300 сомго чейин арзан. Мамлекеттик дарыканалардын даректери

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы өлкөдө 48 мамлекеттик дарыкана иштеп жатканын айтып, Бишкектеги дарыканалардын дарегин жарыялады.

Ага ылайык, учурда ордо калаада "Эл Аман" аталышында 10 мамлекеттик дарыкана иштеп жатат. Алар:

№1 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Фучик көчөсү, 15;

№2 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Ахунбаев көчөсү, 204/1;

№3 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Логвиненко көчөсү, 30/1;

№4 Үй-бүлөлүк медициналык борбор. Дареги: Чыгыш-5 кичи району, 40;

№6 Үй-бүлөлүк медициналык борбору. Дареги: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75;

№5 Үй-бүлөлүк медициналык борбору. Дареги: Туңгуч кичи району, 57;

Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында (№4 шаардык оорукана). Дареги: Кривоносов көчөсү, 206;

Улуттук госпиталь, Лор бөлүмүндө. Дареги: Тоголок молдо көчөсү, 1к;

Эне жана баланы коргоо улуттук борбору. Дареги: Ахунбаев көчөсү, 190;

Чүй облустук ооруканасы. Дареги: Саратов көчөсү, 10.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мамлекеттик дарыканаларда дары-дармек 50 сомдон 300 сомго чейин арзан сатыларын айткан.

10:22, 28-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар