Абхаз, армян номерлүү унааларды каттоо 1-марттан тарта башталат
Абхаз, армян номерлүү унааларды каттоо 1-марттан тарта башталат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев бүгүн “Ынтымак” фракциясынын отурумунда билдирди.
Анын айтымында, транспортторду мыйзамдаштыруунун биринчи этабында техникалык абалы жакшы, документтери бар унаалар, экинчи этапта техникалык абалы жакшы, бирок документтери жасалма болгон унаалар катталат. Абалы начар машиналар каттоого алынбайт.
Депутат Балбак Түлөбаев кеп чет элдик номерлүү унааларды каттоо жөнүндө болуп жатканын, аларды ташып келүү жана сатуу тууралуу сөз жок экенин белгиледи.
"Мекеме аралык топ абхаз жана армян номерлүү унааларды легалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө, ошондуктан бул маселе жакында чечилет", — деди ал.
Буга чейин президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Максаты кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессин ачык-айкын кылуу жана автотранспорт ээлеринин укугун коргоо.