АКШ менен Улуу Британия Йемендин төрт провинциясына 20дан ашык ракеталык сокку урду
АКШ менен Улуу Британия Йемендин төрт провинциясына 20дан ашык ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
CNN билдиргендей, АКШ согуштук учактарды жана Томахавк ракеталарын колдонгон. Америкалык аскерлер учкучсуз учактарды өндүрүү борборлоруна жана курал кампаларына сокку урганын билдирди.
АКШ президенти Жо Байден АКШ армиясынын жана союздаштарынын Йемендеги хуситтерге каршы соккусун Кызыл деңиздеги кеме жүрүү эркиндигине болгон коркунучка жооп деп атады. Керек болсо кошумча чараларды көрүүдөн тартынбай турганын айтты. Йемендеги ракеталык соккулар тартылган кадрлар социалдык тармактарда жайылууда.