Шакиев: Аялдар бардык жерде гендердик теңчилик үчүн күрөшүп, шайлоодо эле бул нерсе иштебей калат

"Туура, бизнесте мындай болбошу керек, баары калыс болуш керек." Мындай пикирин төрага Нурланбек Шакиев 4-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптешине жооп берип жатып билдирди.

Депутат Исхак Масалиев аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мыйзам долбоорун кароодо бизнесте “эркек” жана “аял” деген түшүнүк болбошу керектигин белгиледи.

Биз бардык жерде гендердик теңчилик жөнүндө айтып, артыкчылыктарды беребиз. Бирок эмнегедир шайлоодо бул пункт иштебейт, аялдардын квотасы, аялдардын алсыздыгы жөнүндө суроо туулат. Ал эми башка учурларда, бир деңгээлде алар эркектердин укуктарын жана алардын позицияларын талашышат. Туура, мунун бардыгын да көзөмөлгө алуу керек, - деди Нурланбек Шакиев.

11:01, 04-12-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар