УКМК Тилекмат Күрөңов кармалганын билдирди
УКМК Тилекмат Күрөңов кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Тилекмат Күрөңов кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланганын билдирди
УКМКнын маалыматы боюнча, эл аралык издөөдө жүргөн К.уулу Т.(Тилекмат Күрөңов) бүгүн, 19-апрелде БАЭде кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.
«Ал конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө»,
— деп айтылат маалыматта.
УКМК белгилегендей, Күрөңов жана анын шериктери республиканын чегинен тышкары жүргөндө көптөгөн социалдык түйүндөр аркылуу массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга аракет жасоого чакырган чагымчыл билдирүүлөрдү жана видео кайрылууларды такай жарыялап турган.
Учурда К.уулунун Т.К.нын кылмыштуу байланыштарын Кыргыз Республикасынын аймагында да, республиканын чегинен тышкары жерлерде да аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.