Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгиси менен 100 инсан сыйланды

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы юбилейлик белгиси менен 100 инсан сыйланды.

Президент кол койгон тескемеге ылайык, сыйлык өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого, экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, мамлекеттин чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду түзүүгө олуттуу салым кошкондорго ыйгарылган.

Сыйлангандардын катарында Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар: Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев бар.

Ошондой эле тизмеден азыркы саясатчылардан министрлер кабинетинин мурдагы жана азыркы төрагалары Акылбек Жапаров менен Адылбек Касымалиев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кездештирүүгө болот.

11:56, 20-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар