Бишкекте №2 автобустун  каттамынын жүрүүсү өзгөрдү

Бишкекте бүгүн, 22-февралдан баштап “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсы тейлеген №2 автобус каттамынын схемасы жарым- жартылай өзгөрдү

Мындай чечим “ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу” ЖЧКсынын жана Көк-Жар конушунун тургундарынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды.

№2 автобус Үмүт конушунан Мыскал, Юбилейный, Ленинский, Фучик, Чүй проспектиси, Бейшеналиев, Московский, Ж.Гвардия, Л.Толстой (инфекционная больница), Логвиненко, Панфилов, Горький, 7-Апрель, Ахунбаев, Арстанбап, Куланак көчөлөрүн камтып Көк-Жар конушуна чейин каттайт.

12:46, 22-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар