ЖК комитети электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 24-июндагы жыйынында «Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида демилгелеген. Долбоорго ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузуу жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң  айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

16:01, 24-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар