Ноокатта 39 жаштагы киши экскаватарго тебеленип каза тапты
Ноокатта 39 жаштагы киши экскаваторго тебеленип каза тапты
Ноокатта жол тегиздеп жаткан экскаватор 39 жаштагы кишини тебелеп кетти, тургун окуя болгон жерден каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.
Окуя 10-майда 22:30 чамасында Ноокат районуна караштуу Кайрагач айылында болгон.
«Экскаватор артка айдап жатып, бир адамды тебелеп кеткен. Окуя болгон жерден ал каза тапкан», — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдын 12-сентябрында Ноокатта 54 жаштагы жумушчуну көпүрөнүн бетон плитасы басып калып, каза тапкан. Анда Ош-Разаков унаа жолунун чоң эски көпүрөсү буздурулуп жаткан болчу.