"Бишкек жашыл курулуш" ишканасы жумушчуларды чакырат
«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы өз жааматына жумушчуларды чакырат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:
- атайын техника айдоочулары;
- сезондук жумушчулар.
"Ишкана 18 жаштан 50 жашка чейинки, Бишкек шаарын жашылдандырууга катышууга даяр, эмгекчил адамдарды кабыл алууга даяр. Иш графиги 8:00дөн 17:00гө чейин", - деп айтылат маалыматта.
Кенен маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге: +996 555 448 884, 0312 37 53 32 же Ташкент көчөсү, 17 дарегине кайрылыңыз.