Кара-Балтада үйүнөн 600 миң сому уурдалган пенсионерге сумма толугу менен кайтарып берилди

Кара-Балтада үйүнөн 600 миң сому уурдалган пенсионерге сумма толугу менен кайтарып берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен билдиришти.

Эске салсак, 2024-жылдын 18-декабрында Кара-Балта шаарында эки аял 77 жаштагы кемпирдин батиринен 600 миң сомун уурдап кеткен. Кылмыш иши козголуп, 31 жана 27 жаштагы келиндер кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча ("Уурулук") тергөө амалдары уланууда.

14:49, 24-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар