Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кызматтык унаалар тапшырылды

Бүгүн Т.Усубалиев атындагы эски аянтта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө 77 кызматтык унаа тапшырылды.

Унааларды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана эмгек министри Равшанбек Сабиров тапшырды.

Адылбек Касымалиев аймактарда ар кандай кырдаалда аз камсыз болгон, майыптыгы бар жана улгайган жарандарга кызмат көрсөткөн социалдык кызматкерлерге ыраазылык айтып, унаалар алардын ишин жеңилдетет деген ишеничин билдирди.

Ошондой эле ал соцкызматкерлерди унааларды жеке кызыкчылыктаргы иштетпей, этияттык менен мамиле кылууга чакырды.

Ал эми министр Сабировдун айтымында, унаалардын жетөөсү ведомстволук башкармалыктарга, 53ү министрликтин аймактык бөлүмдөрүнө жана 17си стационардык мекемелерге тапшырылат.

"Унаалар социалдык кызматкерлердин аз камсыз болгон, улгайган жана майыптыгы бар жарандарга кызмат көрсөтүүсүн жакшыртуу максатында берилүүдө", - деди министр.

12:06, 10-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар