Өлкөдө тоннелдерден өтүү акысын кымбаттатуу сунушталды

Өлкөдө тоннелдерден өтүү акысын кымбаттатуу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Тариф машинанын үлгүсүнө эле эмес, номерине жараша дагы коюлат. Маселен, номер Кыргызстан же ЕАЭБ өлкөсүнүкү болсо арзаныраак, үчүнчү мамлекеттердики болсо кымбатыраак коюлат.

Сунушталган (мурдагы) баа:

жеңил унаа — 100 (50) сом (КР/ЕАЭС өлкөлөрүнө таандык номер), чет жактын номери тагылган машина — 200 сом;

5 тонна жана 8ден ашык жүргүнчү ташыган транспорт — 250 (100) /1000 сом;

3,5 тоннага чейин жүк ташыган автоунаа — 250 (100) /1000 сом;

5 тоннадан ашык, 8ден көп жүргүнчү ташыган транспорт — 500/1500 сом;

3,5 тоннадан 12 тоннага чейин жүк ташыган автоунаа — 500/1500 сом;

12 тоннадан ашык жүк ташыган транспорт — 700 (250) /3000 сом;

12 тоннадан ашык жүк ташыган, чиркегичи бар транспорт — 1000 (300) /5000 сом.

Транспорт министрлиги чара тоннелдин инфраструктурасын (вентиляция, жылуулук, жарыктандыруу) тейлөө үчүн керектигин белгилеген.

11:16, 10-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар