ИИМ: 100 миң долларга чоң кызмат убадалап, алдап кеткен айыл башчы кармалды

100 миң долларга чоң кызмат убадалап, алдап кеткен деген шек менен айыл башчы кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга А.Ж аттуу жаран былтыр мартта эки киши ири суммадагы акчасын алып из жашырып кеткени боюнча арыз менен кайрылган.

"29-январда кылмышка шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районундагы айылдардын биринин 47 жаштагы М.С. аттуу башчысы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү жогору жакта иштеген тааныштары аркылуу ишке орноштурмакчы болгону кошумчаланды.

15:41, 06-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар