Японияда тез жардам тик учагы дайынсыз жоголду
Японияда тез жардам тик учагы дайынсыз жоголду. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.
Маалыматка караганда, тик учак менен байланыш саат 15:00дө Нагасаки префектурасынын Цусима аралына жакын жерде деңиздин үстүндө жүргөндө үзүлгөн.
Бортто учкуч, механик, эки медайым, 80 жаштагы бейтап жана аны коштоп жүргөн үй-бүлө мүчөсү болгон.
Учурда куткаруучулар тарабынан издөө-куткаруу иштери уланууда.