Ош шаарында 62 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жеке адамдарга мыйзамсыз берилген Ош шаарындагы баасы 62 млн сомдон ашкан жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо тармагында одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталганы мурда маалымдалган. Жер мамилелерин жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын ишинде одоно мыйзам бузуулар орун алган.
Тактап айтканда, Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкеси 2023-жылы жеке менчикке мыйзамсыз берилип, мамлекетке олуттуу зыян келтирилген. Көз карандысыз адистердин баалоосуна ылайык, аянты 700 чарчы метр болгон бул жер аянтынын баасы 62 млн 300 миң сомдон жогору болгон. Ал эми, аталган жер аянтынын жаңы ээси, жерди унаа токтотуу үчүн пайдаланып келген.
Аталган факт боюнча 2023-жылдын декабрь айында КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, тергөө жыйынтыгы менен жазык иши соттук кароого жөнөтүлгөн.
Бул мыйзамсыз берилген жер тилкесин мамлекетке кайтаруу боюнча доо талаптары толугу менен канааттандырылып, 62 млн 300 миң сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.