15-16-декабрда Бишкекте курултай өтөт
Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирди. Айтымында быйыл курултайга 700дөй делегат катышат.
"Элдик Курултайга быйыл шайланган делегаттар гана катыша алат, алардын саны – 700 адамдан турат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан – 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн – 30 жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан – 30 делегат",-дейт Касмамбетов.