ӨКМ: Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө

19-23-март күндөрү абанын жылууланышына байланыштуу Бишкек — Ош жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүп күтүлөт. Ошондой эле муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкү Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында түшүшү күтүлөт.

Ал эми Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.

ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыктын чектөөнү эскертти. Ошондой эле, жарандарды бул күндөрү зарылдык болбосо, алыскы сапарга чыкпай турууга чакырды.

14:46, 19-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар