Салык кызматы “Дордой Моторстун” соодагерлери менен иштеп жатканын билдирди

Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги “Дордой Моторс” базарындагы 705 ишкердин 531и 0,1% коюм (ставка) менен салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына өткөрүлгөнүн билдирди.

Мекеме соодагерлерге көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады. Андан тышкары базарда Салык кызматынын кызматкерлери ишкерлер менен иштешип жатканы айтылды.

10-июнда “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышкан. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин, бирок ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү үчүн бухгалтер алып ага айлык төлөп бериш керектигин, ал кошумча чыгым экенин айтышкан.

09:44, 11-06-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар