Оштун мэри Жалал-Абадда бөбөктү коюп кеткен айдоочу боюнча үн катты

Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев бөбөктү коюп кеткен автоунаанын рулунда анын тууганы болгонун социалдык баракчасына жазды.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарында 15-мартта BMW үлгүсүндөгү унаа эки бөбөктү коюп, бирөө кырсык болгон жерден көз жумган. Айдоочу качып кетип, кийин 25 жаштагы Ш.З. кармалган.

Коомчулукта айдоочу Ош шаарынын мэринин уулу Баястан Токторбаев экени айтыла баштаган. Мындан улам Жеңишбек Токторбаев кайрылуу жасап, анын уулу рулда болбогонун жазды.

"Кырсыкка кабылган бир тууган инимдин баласы болуп чыкты. Учурда тиешелүү органдар тарабынан кармалып, 15-майга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча атайын органдар тарабынан коомчулукка ошондо эле расмий маалыматтар берилген. Мыйзам баарыбызга бирдей жана жооп берүүгө түздөн-түз милдеттүүбүз", — деген Токторбаев.

Ал ошондой эле автоунаа анын баласына катталбаганын кошумчалаган.

09:30, 18-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар