Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан бала кармалды
Бомба тууралуу жалган маалымат тараткан бала кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ишембиде "Азия молл" соода борборунда бомба коюлганы кабарланып, милиция жарылуучу зат тапкан эмес.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, милиция 17 жаштагы өспүрүмдү колго түшүргөн. Бала ата-энесинин кароосунда кое берилгени маалымдалды. Ал бомба тууралуу маалыматты башка эле бирөөнүн телефонун сурап таратканын айтып берген.
Ошондой эле милиция бомба тууралуу жалган маалымат тараткандар беш жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.