“Крокус Сити Холл”: Эрдик көрсөткөн 15 жаштагы Ислам Халилов сыйланды

Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халилов менен Артем Донскойду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлады. Бул тууралуу Известия жазды.

Иш-чара 25-мартта Красногорск шаарындагы №19 орто мектепте өттү.

Ал теракт болгон күнү өспүрүмдөр комплекстин аймагындагы кийим илүүчү иштеп жатышканын эске салды. Львова-Белова балдарга кайраттуулугу үчүн алкыш айтып, мектеп алар менен татыктуу сыймыктана ала тургандыгын баса белгиледи.

15:38, 25-03-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар