ИИМдин кызматкерлери Бишкек шаарындагы орто мектепте лекция өткөрүштү

Бишкек шаарынын №50 орто мектебинин 10-11-классынын окуучуларына экстремизм, терроризм, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алуу жаатында лекция окулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Лекцияны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери окушту.

Лекциянын жүрүшүндө милиция кызматкерлери окуучулар менен жолугушуу өткөрүп, балдар арасындагы кылмыштуулук боюнча маалымат беришип, ата-энелер балдарды тыкыр көзөмөлгө алуусу керектигин баса белгилешти.

Ошондой эле окуучулар кызыктырган суроолоруна жооп алышып, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, мектеп рэкетчилиги жана ар кандай бейбаштык аракеттердин  алдын алуу  иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, мындай иш-чаралар Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мекемелерине мындан ары дагы уланмакчы.

17:12, 11-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар