Түркмөнстандын президенти 8-мартта аялдарга 3 доллардан белек берет

Түркмөнстандын президенти 8-мартта аялдарга 3 доллардан белек берет

Аялдардын эл аралык күнүнө карата Түркмөнстандын бийлиги аялдарга 60 манат (3 долларга жакын) акчалай белектерди тапшырат. Бул тууралуу Азаттыктын туркмөн бөлүмү жазды.

Акчалай белектер 2025-жылдын 1-мартынан 6-мартына чейин тапшырылат.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кол койгон документке ылайык, мындай чечим “өлкөнүн өнүгүшүнө жана гүлдөшүнө аялдардын сиңирген эмгегин баалоо үчүн”, ошондой эле “эне менен эже-карындаштарды сыйлоонун улуттук салттарын” улантуу максатында кабыл алынган.

11:34, 25-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар