Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун дайындоодо турмуш-тиричилик техникасы эсепке алынбайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жага миграция министрлиги үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу кимдерге жана кандай учурда берилерин айтты.

Бул жөлөкпул 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөрлөргө берилет. Үй-бүлөнүн тапкан кирешеси ар бир адамга бөлгөндө 1 миң сомдон ашпашы керек.

Үй-бүлөгө көмөк ар бир балага 1 200 сомдон 16 жашка чыкканга чейин берилет. Ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашагандарга жөлөкпул тийиштүү райондук коэффициенттер менен эсептелет.

Үй-бүлөгө көмөк дайындоодо эске алына турган кирешелер:

айлык акы, акчалай камсыздоо, ар айлык материалдык жардам;

ишкердик ишинен түшкөн кирешелер;

жерди, үйгө караштуу жер тилкени иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер жана башкалар.

Аталган жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн үй-тиричилик техникасы, тактап айтканда муздаткыч, телевизор, кир жуугуч машиналары жана башка техникалары эсепке алынбайт.

Үй-бүлөдө жеңил унаа (заводдон чыкканына 20 жылдан аша элек болсо), айыл чарба техникасы (трактор, комбайн), жүк ташуучу унаа жана кичи автобус болсо, жөлөкпул берилбейт.

Ошондой эле үй-бүлөдө ар бир адамга 4төн ашык майда мал жандык (кой-эчки) туура келсе да, жөлөкпул берилбейт. Маселен бодо малы болсо, 1 уй 6 майда жандык, 1 торпок 2,5 майда жандык, 1 жылкы 7 майда жандык, 1 бука 8 майда жандык деп эсептелет.

Үй-бүлөгө көмөк дайындоодо эске алынбай турган кирешелер:

пенсиянын бардык түрлөрү;

мамлекеттик жөлөкпулдар;

сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;

кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

стипендиялар жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар.

Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулу документтер тапшырылган айдан кийинки айдын бирнчи күнүнөн тартып бир жылга дайындалат.

12:24, 14-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар