Садыр Жапаров: Энергетикалык кризистен 2028-жылы толук чыгабыз

Эгер 5 жылдын ичинде ушул иштердин баары аткарылып, ГЭСтер курулбаганда, азыр электр жарыгы жок, илгерки 19-кылымда отурмакпыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Алтай шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде эл менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, 1950-1960-жылдары курулган Токтогул ГЭСинен баштап, Күрпсай ГЭСи жана башка ГЭСтердин бардыгы буга чейин оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

“ГЭСтер 50 жыл бою бир да жолу оңдолбостон 24 саат иштеп турган. Мен келгенде булар катастрофалык абалга келип калган экен. Тынымсыз иштеп, 4 жылдын ичинде баарын жаңылап бүттүк. Бир эле Токтогул ГЭСинин 4 агрегатын жаңылаганда 240 мегаватт кубаттуулук кошулду. Азыр электр энергиясы ошонун натыйжасында берилүүдө. Жаңы 28 ГЭСти ишке киргиздик. Эгер мен унчукпай отура берсем, курулуш иштерин жүргүзбөсөм электр энергиясы жетип эле турмак. Анткени, мурда завод-фабрикалар жок болгон үчүн кыштын күнү эптеп дефицитти жаап коюп отура беришкен.

Мурда өлкөгө 14 млрд киловатт электр энергиясы талап кылынып келсе, азыр 20 млрд кубаттуулукка жетип 6 млрд кошулду. Биз улам кууп, жетпей келе жатабыз. Элге электр энергиясы боюнча кайрылуу жасап, маек берип, жакшы эле кеңири түшүндүрүп айтып келе жатам. Биз 2028-жылы энергетикалык кризистен чыгабыз. Курулуп жаткан 100гө жакын ГЭСтер бар, күн, шамал электр станцияларын салып жатабыз. Быйыл, 15-декабрда Балыкчыда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 120 мегаваттык күн электр станциясын ачабыз. Кара-Кечеге 1200 мегаватт кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруп жатабыз. 2028-жылы бул ЖЭБ бүткөндөн кийин 2028-2029-жылдын күз-кыш мезгилинде электр жарыгы өчпөй, чектөө деген жок болот”,- деди Жапаров.

Президент энергетика тармагы боюнча бул аракеттердин бардыгы ишке ашып, ГЭСтер ишке кирсе сырттан электр энергиясы импорттолбой кала турганын белгиледи.

“Электр энергиясын сырттан импорттоп албай калабыз. Азыр 3 сомдон ашыгыраак баага Казакстан, Россия, Түркмөнстандан импорттоп алып, элге 1,37 тыйындан берип жатабыз. Эл 3,5 тыйындан ала албайт, туурабы? Ортодогу айырманы мамлекет төлөп жатат. Ал айырма мага чейин эле 30 жылдан бери чогулуп келген. Чогулуп отуруп “Кыргызстан улуттук электр тармактары” компаниясына 2020-жылга карата 137 млрд сом карыз болуп топтолуп калган. Азыр карыздын баарын жаап отуруп, болгону 25 млрд сом калды. Улам импортту азайтып, карызды жаап келе жатабыз. Эмдиги жылы бул компаниянын бир тыйын карызы калбайт, тескерисинче 2027-жылдан баштап кирешеге чыга баштайт. Акыркы 5 жылды кошкондо, 35 жыл чыдагандан кийин дагы 1-2 жыл чыдап койгула. Биз электр энергиясы боюнча болгон аракетибизди көрүүдөбүз.

Энергетика бул тиричиликте, завод-фабрикадагы өндүрүштү иштетүүдө элдин, мамлекеттин жашоосу.

Камбар-Ата-1 ГЭСи башталып жатат, ал 7-8 жылда бүтөт. ГЭСке 1,5 млрд доллар каражат алдык. Дагы 1,5-2 млрд доллардай каражат керек, бирок аны да табабыз. Долбоор өзүн-өзү актайт.

Тышкы карызыбыз өсүп кетти дегендерге айтаарым, 2 эсе эмес 10 эсе өсүп кетсин. Бирок, тышкы карыздар ар бири өзүнүн долбооруна жумшалып, кайра 10-15 жылдан кийин төлөгөнү келгенде ар бир долбоор өзү төлөп коет”,- деди ал.

12:50, 21-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар